10–19-июнь күндөрү Легендар Юртаевдин жаркын элесине арналган «Ысык-Көл» эл аралык шахмат турнири болуп өттү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын шахматчылары катышышты.
Турнирде Бишкек шаарынын шахмат боюнча Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ДЮСШ) тарбиялануучулары өздөрүн мыкты жагынан көрсөтүп, ар кандай жаш курактык жана топтордо байгелүү орундарды ээлешти.
БӨСМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:
B тобу (жаш курак боюнча) жеңүүчүлөр:
•Камчыбеков Бакай — 2-орун (8 жашка чейинки балдар арасында);
•Гапарова Айзат — 3-орун (8 жашка чейинки кыздар арасында);
•Темирбеков Баяман — 1-орун (10 жашка чейинки балдар арасында);
•Бигельдиев Али — 4-орун (10 жашка чейинки балдар арасында);
•Темирбекова Алия — 1-орун (10 жашка чейинки кыздар арасында);
•Кемелбекова Айдай — 4-орун (10 жашка чейинки кыздар арасында);
•Сайзылдаева Айман — 1-орун (12 жашка чейинки кыздар арасында);
•Сагындыкова Айымбийке — 3-орун (14 жашка чейинки кыздар арасында);
•Имирханов Курбан — 5-орун (14 жашка чейинки балдар арасында).
D тобу (Open) боюнча жеңүүчүлөр:
•Нуров Байзак — 1-орун;
•Пак Аарон — 2-орун;
•Суркеев Шумкар — 3-орун;
•Тавалдиев Алия — 2-орун (кыздар арасында);
•Макамбаева Ширин — 3-орун (кыздар арасында).
A тобу (Open) боюнча жеңүүчүлөр:
•Сагынбекова Жибек — 2-орун (кыздар арасында).
Турнирдин максаты — Л. Юртаевдин жаркын элесин эскерүү, шахмат спортунун өнүгүшүнө жана эл аралык тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүү болуп саналат.