2025-жылдын 18–19-июнунда Вьетнамдын Вунгтау шаарында 23 жашка чейинки спортчулар арасында (U-23) күрөш боюнча Азия чемпионаты болуп өттү.
Бул мелдеште ОРАБӨМдүн «Ак Илбирс» тарбиялануучулары ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды ээледи:
•Бердигулов Нурболот — 55 кг салмак категориясында 2-орун;
•Жапаров Курманбек — 60 кг салмак категориясында 3-орун.
Чемпионаттын негизги максаты — Азиянын мыкты жаш балбандарын аныктоо, өлкөлөр ортосундагы достук спорттук байланыштарды чыңдоо жана жаштар арасында күрөш спортун жайылтуу болуп саналат.