2025-жылдын 10-июнунан 22-июнуна чейин Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында «Кыргызстандын бермети» аттуу IX эл аралык спорттук оюндар өтүп жатат. Бул ири спорттук иш-чаранын алкагында 25 спорт түрү боюнча мелдештер уюштурулган.
Иш-чаранын алкагында параармрестлинг боюнча мелдештер өтүп, анда теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:
•I орун — Токтосун уулу Бекболсун, 26 жаш (80 кг салмакта);
•II орун — Нурматов Евгений, 30 жаш (+80 кг салмакта);
•II орун — Камчыбек уулу Эрлан, 31 жаш (80 кг салмакта);
•II орун — Амантуров Нурэл, 17 жаш (75 кг салмакта);
•III орун — Кубанычбек уулу Эмир, 18 жаш (60 кг салмакта).
Мындан тышкары, Токтосун уулу Бекболсун «Кыргызстандын бермети» эл аралык спорттук оюндарында атайын курдун ээси болду.