“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы борбордук көчөлөр менен чогу борбор калаанын жаңы конуштарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүүдө.
Алсак, жолчулар Алтын-Ордо 9 (Кадыр-Ата) көчөсүндө жол куруу иштерин жүргүзүүдө.
Узундугу 1,1 километрге созулган жердин кыртышын иштеп чыгуу жана кайра толтуруу иштери жүрүп жатат. Бордюрларды жана ирригация системасын орнотуу иштерин баштоо пландалууда.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө жашоочулардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн жолдун эки тарабына тротуар уюштурулуп, ирригация системасы орнотулат.