Бишкек шаарындагы Кыргыз футбол биримдигинин спорттук комплексинде 13 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында футзал боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалдык оюндары болуп өттү.
Бишкек шаарынын ОРАБӨСОМдүн тарбиялануучуларынан түзүлгөн команда финалдык беттеште атаандашын 3:0 эсебинде жеңип чыгып, жаш курактык категориясында өлкө чемпиону болду.
Футзал боюнча жыйынтыктар:
1-орун — Бишкек шаары;
2-орун — Чүй облусу;
3-орун — Ысык-Көл облусу.
Турнирдин мыкты оюнчулары:
* Мыкты дарбазачы — Баданов Данияр (Чүй облусу);
* Мыкты коргоочу — Сагындыков Бекболсун (Ысык-Көл облусу);
* Мыкты чабуулчу — Асылбеков Баяман (Нарын облусу);
* Мыкты бомбардир — Карыпбеков Саламат (Чүй облусу);
* Турнирдин мыкты оюнчусу — Замирбеков Атила (Бишкек шаары).