“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоо иштерин улантууда.
Ошентип, жолчулар Щорс көчөсүн Садырбаев көчөсүнөн Тыныбеков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоп бүтүштү.
Биринчи этапта эски асфальты сыйрылып, жер кыртышын иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүп, бордюрлар, ирригация системасы орнотулуп, жолдун жана тротуардын негизин даярдоо иштери жүргүзүлдү.
Жол иштеринин экинчи этабы ысык асфальт-бетон аралашмасын эки катмар кылып төшөө менен башталып, бардык тиешелүү жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулду.
Бүгүнкү күндө бул тилкеде капиталдык оңдоо иштери аяктап, жол кыймылы үчүн ачылды.