Ленин районунун аймагында жашы жете элек балдардын эмгекке тартылышын, тилемчилик менен алектенишин жана түнкү убакта ата-энесиз же мыйзамдуу өкүлдөрсүз коомдук жайларда жүрүшүн аныктоого багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейдге Ленин райондук муниципалдык администрациясынын, ички иштер бөлүмүнүн, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү катышты.
Рейддин жүрүшүндө ата-энесине же туугандарына эмгекте жардам берип жүргөн 7 жашы жете элек бала аныкталды. Ата-энелер менен балдарды билим алуу укугунан ажыратуучу жана алардын укуктарына каршы келген эмгекке тартуунун жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле тилемчилик менен алектенген жарандарга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жашы жете электердин жашаган жериндеги тиешелүү органдарга мыйзам чегинде андан аркы чараларды көрүү боюнча каттарды жөнөттү.
Мындан тышкары, түнкү убакта ата-энесиз көчөдө жүргөн 11 өспүрүм аныкталды. Анын ичинен 6 өспүрүм ата-энелерине өткөрүлүп берилсе, 5 өспүрүм Балдарды колдоо жана укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди.
Бул иш-чаралар балдардын укуктарын коргоо, алардын эмгектен мыйзамсыз пайдаланылышын болтурбоо, укук бузууларды жана көзөмөлсүз жүрүүнү алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында уюштурулган.
Мындай рейддик иштер Бишкек шаарындагы бардык райондордо үзгүлтүксүз түрдө улантылат.