2025–2026-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында, 2025-жылдын 21-июнунан 12-июлуна чейин Фрунзе менен Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Оңдоо иштери мөөнөтү 21 күн.
Учурда “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан жылуулук өткөрүүчү негизги түтүктү оңдоп жатат. Оңдолуп жаткан тилке Ч.Айтматов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин созулуп, анын жалпы узундугу 500 метрди түзөт.
Жаңыртуу иштеринде түтүктөрдүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилет. Бул тилке 1971-жылдан бери иштеп келген жана пайдалануу мөөнөтү бүтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.
Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жолдордо тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.