Биринчи Май району аз камсыз болгон жарандарды социалдык жактан колдоо боюнча мамлекеттик программаны социалдык келишимдин негизинде ишке ашырууну улантууда.
Кезектеги комиссиянын жыйынында оор турмуштук абалда турган үй-бүлөлөр тарабынан сунушталган 19 бизнес-долбоор каралды. Ар бир үй-бүлө өз алдынча ишкердик жүргүзүүгө багытталган бизнес-долбоорун сунуштады. Жыйынтыгында 8 долбоор жактырылып, 2 долбоор кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.
2025-жылы Биринчи Май районунда аталган программа аркылуу 33 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүү пландалууда. Жактырылган ар бир долбоорго 150 000 сомго чейинки көлөмдө каржылык жардам көрсөтүлөт. Бул каражаттар жеке ишти баштоого же кеңейтүүгө багытталат. Натыйжада калктын аярлуу катмарынын иш менен камсыз болуу жана киреше деңгээли жогорулайт.
“Социалдык келишим” программасы аз камсыз болгон жарандардын экономикалык жигердүүлүгүн арттырууга жана алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга багытталган.
Белгилей кетсек, бул программа 2022-жылдан бери өлкө боюнча ийгиликтүү ишке ашырылып, колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө.