Бишкек шаарында 2025-жылдын 2-июнунан 27-июнуна чейин 46 мектеп алдындагы лагерь иштеп жатат, анда 4550 бала үчүн көңүл ачуучу жана эс алуучу программалар уюштурулган.
13-июнда Биринчи Май районунун окуучулары “Сейтек” балдар театрына барып, алар үчүн уюштурулган маданий-билим берүүчү программага катышты.
10-20-июнь күндөрү балдар Бишкек шаарынын мэриясына караштуу дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурган спорттук мелдештерге активдүү катышууда. Мелдештердин жеңүүчүлөрү ардак грамоталар жана медалдар менен сыйланышат.
Лагерлердин алкагында балдардын чыгармачыл потенциалын жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган ийримдер Балдар чыгармачылыгы борборунун адистери тарабынан өткөрүлүүдө.
Мектеп алдындагы лагерлер жайкы эс алууну уюштурууда комплекстүү мамилени камсыздап, балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө жана ден соолугунун чыңдалышына өбөлгө түзүүдө.