Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Мыкан конушунун жашоочулары менен жумушчу жыйын өткөрүп, анда түндүк айланма жолду реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Шаардык кызматтардын маалыматы боюнча, долбоордун алкагында көчүрүлө турган 478 объектинин ичинен чечүүнү талап кылган 4 объект калды.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы Свердлов районунун акимине жарандардын жер жана турак-жай маселелерин тез арада чечүүнүн варианттарын иштеп чыгууну тапшырды, анын ичинде жер тилкелерин алмашуу жана турак жайларды башка жерге көчүрүү мүмкүндүгү бар. Ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууда жашоочулардын бардык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Маалымдама: реконструкциялоо долбоорунда жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзгөн жолдун курулушу каралган. 2025-жылы Алматы-Бишкек-Ташкент (6 км) жана Бишкек-Нарын-Торугарт (9,1 км) автожолдорунун участокторун кошкондо 15 чакырым жолду асфальттоо пландаштырылууда. Реконструкциялоонун натыйжасында жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгү алты жол тилкеге чейин кеңейет.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жол инфраструктурасын жакшыртууга жана жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган стратегиялык маанилүү транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда.