Борбор калаанын жол-транспорттук инфратүзүмүн модернизациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги алдында Калинин көчөсүнө көчмө жыйын өткөрулдү.
Бул тилке Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, жол кыймылы жөнгө салынган жалпы шаардык маанидеги негизги көчө катары белгиленген.
Свердлов райондук администрациясына муниципалдык аймакты уруксат берилбеген курулуштардан тазалоо иштерин тез арада бүтүрүү жана тротуарларды иретке келтирүүнү көзөмөлдөөнү уюштуруу тапшырылды. Шаар куруу документтерине ылайык, Калинин көчөсүнүн Жеңиш проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү кызыл сызыктын туурасы 120 метр, Ауэзов көчөсүнүн аймагында 45 метрди түзөт.
Реконструкциялоонун азыркы этабынын алкагында төрт тилкелүү кыймылды уюштуруу менен жолду 15 метрге чейин кеңейтүү пландалууда. Өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планында андан ары 22,5 метрге (алты тилкеге) чейин кеңейтүү каралган. Долбоор ошондой эле аймакты комплекстүү жакшыртууну, анын ичинде тротуарларды курууну жана жашылдандырууну пландаштырууда.
Бул долбоорду ишке ашыруу шаарды өнүктүрүүнүн негизги милдеттерин чечүүгө багытталган: транспорттук коммуникациялардын ыңгайлуулугун жогорулатуу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, инженердик коммуникацияларды модернизациялоо жана экологиялык абалды жакшыртуу. Заманбап стандарттарга ылайык суу менен камсыздоо, электр жана канализация системаларын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда.