Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында Ленин районунун башчысы «Орок» МАБнын аймагындагы №60 бала бакчанын реконструкциясы менен таанышты.

Долбоорду Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырууда.

Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо иштери бүткөрүлүп, видеокөзөмөл орнотулуп, электр монтаждоо иштери бүткөрүлдү. Жер төлөөнүн дубалдарын сырдоо жана тепкичтерге кафель төшөө иштери калды.

Тышкы иштер да бүткөрүлдү: имараттын фасады иретке келтирилди, аймагы асфальтталды. Учурда заманбап балдар аянтчасы орнотулууда.

Бардык иштер аяктагандан кийин мектепке чейинки мекеме 360 балага чейин кабыл алууга даяр болуп, алардын өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүп берет.