Бишкек шаарынын мэриясынын №80-б буйругуна ылайык, муниципалдык автожолдордун коопсуздугун камсыздоо жана пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу максатында абанын температурасы +28 градус жана андан жогору болгон 18 тоннадан ашык оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.
Алсак, Ауэзов көчөсүн бойлой салмак-габариттик көзөмөл Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Салмагы 18 тоннадан ашкан 12 унаанын айдоочулары тарабынан убактылуу чектөөлөр сакталган эмес.
Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн муниципалдык инспекция тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 12 протокол түзүлгөн.
Оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө жолдордун коопсуздугун камсыздоо жана пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу максатында кабыл алынган. Саат 10:00дөн 19:00гө чейин абанын температурасы +28°С жана андан жогору болгон жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.
Рейддер күн сайын өткөрүлөт.