Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМдүн грек-рим жана эркин күрөш, кыздар арасындагы күрөш, ошондой эле балдар жана кыздар арасында таэквондо боюнча турнир болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 320 жаш спортчу катышты.
Турнирдин максаты — ден соолук үчүн пайдалуу жашоо образын жайылтуу, Бишкек шаарында спортту өнүктүрүү жана катышуучулар ортосунда достукту чыңдоо болуп саналат.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМ уюштурду.
Мелдештин жыйынтыктары:
Грек-рим күрөшү, 30 кг:
1-орун: Акматалиев Бектемир
2-орун: Анарбаев Абдурахман
3-орун: Жолдошбеков Эмирхан
3-орун: Таштанбеков Эльхан
Грек-рим күрөшү, 44 кг:
1-орун: Мамажусупов Нурмухам
2-орун: Бейшембаев Авель
3-орун: Амангелдиев Баястан
3-орун: Асылтаев Баястан
Эркин күрөш, 24 кг:
1-орун: Курманбеков Элгенур
2-орун: Судайманов Шамил
3-орун: Чаткалбаев Азирет
3-орун: Конокбаев Эмир
Кыздар күрөшү, 28 кг:
1-орун: Саламатова Адинай
2-орун: Ялама Даниэла
3-орун: Кыялбекова Фатима
3-орун: Бакытбекова Женишгүл
Таэквондо, кыздар 38 кг:
1-орун: Кайратова Фатима
2-орун: Амангелдиева Раиля
3- орун: Проценко Арина
3-орун — Зайлидинова Анаис
Таэквондо, балдар 38 кг:
1-орун: Памирбеков Ильгиз
2-орун: Койчебаев Шерхан
3-орун: Тойчубеков Искендер
3-орун: Эркенов Таулан
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана эстеликке белектер менен сыйланышты.