Борбордо, №29 мектептин базасында өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында джиу-джитсу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты жана биринчилиги болуп өттү.
Мелдешти уюштуруучулар — Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын джиу-джитсу федерациясы.
Бул турнир жыл сайын өткөрүлүп, шаардын эң күчтүү спортчуларын чогултат. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр менен байгелүү орундардын ээлери дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.
Салмактык категориялар боюнча жыйынтыктар:
Жаштар арасында 56 кг чейин:
1-орун — Иминов Иминжан;
2-орун — Жумакадров Темирлан;
3-орун — Розобаев Абдусалим.
Чоңдор арасында 69 кг чейин:
1-орун — Амангельдиев Адиль;
2-орун — Тажыбаев Раатбек;
3-орун — Эргешов Курманбек.
Чоңдор арасында 85 кг чейин:
1-орун — Магомедов Имран;
2-орун — Ким Сергей;
3-орун — Орунтаев Таалайбек.
14–15 жаштагы кыздар арасында 48 кг чейин:
1-орун — Терская Раяна;
2-орун — Трофимова Диана;
3-орун — Давузова Альбина.
Бул чемпионат джиу-джитсу спортуна болгон кызыгууну арттырып, борбор калаада өнүгүүсүнө жана жайылышына салымы чоң болду.