Бишкек шаарында, Тыныстанов жана Малдыбаев көчөлөрүндөгү С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨСдүн теннис кортторунда балдар жана өспүрүмдөр арасында теннис боюнча ачык биринчилик болуп өттү.

Жарышка 110 жаш спортчу катышып, алардын ичинен 30у — С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн теннис бөлүмүнүн окуучулары болду.

Жарыштын максаттары:
•Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасында теннисти жайылтуу жана өнүктүрүү;
•балдарды жана өспүрүмдөрдү спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу;
•өсүп келе жаткан муундун ден соолугун чыңдоо;
•спорттук разряддарды аткаруу.

Жарыштын уюштуруучусу — С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМ.

Жыйынтыктар:
С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн байге ээлери:

Кыздар арасында (2008–2011-ж.т.):
2-орун — Султанкулова Асема;
4-орун — Аскарова Дениза;
5-орун — Раимбекова Аяна.

Балдар арасында (2008–2011-ж.т.):
4-орун — Алимов Илимбек.

Кыздар (2012–2014-ж.т.):
3-орун — Мансурова Алия.

Балдар (2012–2014-ж.т.):
2-орун — Алимов Иса;
5-орун — Арсенов Дастан;
9-орун — Кубанов Теодор.

Кыздар (2015-ж.т. жана андан кичүү):
3-орун — Арсенова Даткайым.