Бишкек шаарында, «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдооо комплексинин базасында жайдын эң жаркын спорттук окуяларынын бири болгон — бешинчи түнкү Night Run марафону өттү. Иш-чарага 25 өлкөдөн келген 3000ге жакын катышуучу чогулуп, 5 жана 10 чакырымдык аралыкта күч сынашты.
Марафондун расмий ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, катышуучуларга аралыкты жеңил чуркап, майрамдан жагымдуу эмоциялар алып, жакшы маанайда өткөрүүнү каалады.
Ар бир фиништик чекти басып өткөн катышуучуга эстеликке медалдар тапшырылды.
Ошондой эле, эркектер жана аялдар арасында дистанциялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга медалдар жана өнөктөштөр тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.
Марафондун старттык аймагында өнөктөштөр тарабынан уюштурулган интерактивдүү көргөзмө аянтчасы, белектер жана тематикалык фотозоналар болду. Катышуучулар старт алдында биргеликте дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, жарыштан кийин концерттик программага күбө болуп майрамдашты.
Night Run салттуу түрдө кесипкөй спортчуларды да, ден соолук үчүн чуркоону тандаган каалоочуларды да бириктирет. Бул иш-чаранын негизги максаты — калктын дене тарбия жана массалык спортко кызыгуусун арттыруу, жарандардын ден соолугун чыңдоо жана активдүү жашоо образын жайылтуу.
Марафондун өзгөчөлүгү — түнкү форматта өтүшү. Катышуучулар чуркоону күндүн батышы менен баштап, шаар түнкү атмосферасында аякташты. Бул өзгөчө маанай тартуулап, катышуучуларга унутулгус спорттук тажрыйба болду.
Иш-чараны уюштурган тараптар — «Номад Спорт» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.