Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти жер мунапыска кирген мүлктөр боюнча арыздарды кабыл алуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кыргыз Республикасында жерге мунапыс берүүгө катышууга арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктайт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтомуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизип, жерлерге мунапыс берүүнүн тартибин бекитти.

Белгилей кетсек, Жерге мунапыс берүү боюнча арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктайт.

Урматтуу шаардыктар! Жер амнистиясынын алкагында түшкөн жарандардан кабыл алынган арыздар белгиленген тартипте каралаарын эскертебиз.