Бишкек шаарынын мэриясы төмөндө көрсөтүлгөн муниципалдык мүлктөрдү ижарага берүү боюнча аукцион жарыялайт жана каалоочуларды катышууга чакырат.
Аукционго катышуу үчүн электрондук соода аянтчасы аркылуу арыз тапшыруу керек:
👉 https://auctionetp.gov.kg/msu/public/list.xhtml
2025-жылдын 12-июнунда өтө турган аукциондо ижарага берилүүчү объекттер:
ЛОТ № 11157.1 – Аламедин базарынын жанындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан жөө өтмөктүн эки тарабындагы жалпы аянты 180 чарчы метр болгон эки ЛЭД-экран.
ЛОТ № 11158.1 – Мадина базарынын жанындагы 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан жөө өтмөктүн эки тарабындагы жалпы аянты 173 чарчы метрди түзгөн эки ЛЭД-экран 3 жылдык мөөнөткө берилет.
ЛОТ № 11156.1 – Ибраимов көчөсү, 108 дарегиндеги жалпы аянты 621 чарчы метрди түзгөн спорттук машыгуу үчүн жер.
2025-жылдын 13-июнунда төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өтөт:
- ЛОТ № 11136.1, Ынтымак-1 паркындагы жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн, тез тамактануучу жай жана соода түйүнүн уюштурууга ылайыкталган жер.
- ЛОТ № 11137.1, Ынтымак-1 паркындагы жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн, тез тамактануучу жай жана соода түйүнүн уюштурууга ылайыкталган жер.
- ЛОТ № 11138.1, Ынтымак-1 паркындагы жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн, тез тамактануучу жай жана соода түйүнүн уюштурууга ылайыкталган жер.
- ЛОТ № 11139.1, Ынтымак-1 паркындагы жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн, тез тамактануучу жай жана соода түйүнүн уюштурууга ылайыкталган жер.
- ЛОТ № 11140.1, Ынтымак-1 паркындагы жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн, тез тамактануучу жай жана соода түйүнүн уюштурууга ылайыкталган жер.
- ЛОТ № 11141.1, Карагай токою паркындагы тез тамактануучу жай жана соода түйүнүн уюштурууга ылайыкталган, жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн жер.
- ЛОТ № 11142.1, Адинай паркындагы жабык же жарым-жабык курулманы орнотууга ылайыкталган, пневматикалык куралды үйрөнүү жана максаттуу атуу үчүн атайын ылайыкташтырылган тир түйүнү, жалпы аянты 10 чарчы метр.
- ЛОТ № 11159.1, М.К.Ататүрк атындагы жабык же жарым-жабык курулманы орнотууга ылайыкталган, пневматикалык куралды үйрөнүү жана максаттуу атуу үчүн атайын ылайыкташтырылган тир түйүнү, жалпы аянты 10 чарчы метр.
- ЛОТ № 11160.1, М.К.Ататүрк атындагы жабык же жарым-жабык курулманы орнотууга ылайыкталган, пневматикалык куралды үйрөнүү жана максаттуу атуу үчүн атайын ылайыкташтырылган тир түйүнү, жалпы аянты 10 чарчы метр.
- ЛОТ № 11143.1, Москва көчөсү №141 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 76,60 чарчы метрди түзгөн турак эмес жай.
2025-жылдын 16-июнунда төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
- ЛОТ № 11161.1 жалпы аянты 155,5 чарчы метр болгон турак эмес жай. Эркиндик бульвары, 53а дарегинде жайгашкан 0,418 га жер тилкеси менен.
- ЛОТ № 11162.1 Шопоков көчөсүндө (Жеңиш аянтынын түштүк бөлүгүндө) жайгашкан, аянты 1,1467 гектарды түзгөн, социалдык, маданий жана тиричилик багытындагы объекттери бар жер астындагы көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды долбоорлоо жана куруу үчүн жер берилет.
- ЛОТ № 11165.1 жалпы аянты 0,6392 га болгон унаа токтотуучу жайды уюштуруу, жашылдандыруу жана транспорттор үчүн кирүүчү жай берилет, анын ичинен 0,1380 га унаа токтотуучу жай үчүн; 0,3308 га жашылдандыруу үчүн; 0,1704 га транспорттун кирүүсү үчүн ижара шартында 2030-жылдын 24-январына чейин убактылуу пайдаланууга берилет.
- ЛОТ № 11164.1 аянты 0,1167 гектарга барабар унаа токтотуучу жайды уюштуруу жана жашылдандыруу үчүн жер тилкеси берилет, анын ичинен 0,0853 га унаа токтотуучу жайды уюштуруу үчүн; 0,0314 га жашылдандыруу үчүн ижара шартында 2030-жылдын 30-январына чейин убактылуу берилет.
2025-жылдын 17-июнунда төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
- ЛОТ № 11163.1 аянты 0,06305 га болгон кеңсе жайлары бар балдар бакчасын долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкеси, анын ичинен 0,02175 га кеңсе жайлары бар балдар бакчасын долбоорлоо жана куруу үчүн 5 (беш) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилет, 0,0413 га көрктөндүрүүнү жана унаа токтотуучу жайды уюштуруу үчүн 2030-жылдын 11-февралына чейин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилет. Дареги: 12-кичи район, №30.
- ЛОТ № 11166.1 Фрунзе көчөсү, 501 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1232,3 чарчы метр болгон 5 жылдык мөөнөткө турак эмес жай имарат, 0,25 га жер тилкеси менен берилет.
2025-жылдын 20-июнунда төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
- ЛОТ № 11167.1 Жал-23, 12 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 60,6 чарчы метрди түзгөн турак эмес жарым жер-төлөө жайы берилет.
2025-жылдын 23-июнунда төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өтөт:
- ЛОТ № 11168.1 Бишкек ш., Фрунзе №370/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 0,072 га жер тилкеси берилет.