Бишкек шаарында Медеров көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, 2025-жылдын 11-июнунан 18-июнуна чейин эки жол кесилишинде унаа кыймылы убактылуу токтотулат.
Тактап айтканда, Абай жана Тыныстанов көчөлөрү менен болгон кесилиштерде жол жабылат.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарынын алдын алуу максатында маршрутту алдын ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.