Бишкек шаарында Жаш Гвардия бульварынын реабилитациясы алкагында, 2025-жылдын 11-июнунда, унаа кыймылы үчүн жолдун чыгыш тарабындагы Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүк убактылуу жабылат.

Жабылуу учурунда Бөкөнбаев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейинки  тилкеси убактылуу эки тараптуу  болот.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын алдын алуу үчүн маршрутту алдын ала пландап, жеке автоунаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.