Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк күнүндө Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-апрелинен 5-июнуна чейин өткөрүлгөн «Сенин Эко Зарядың» экологиялык акциясынын жыйынтыгы чыгарылды.
Бул акцияны «Сенин Эко Зарядың» компаниясы Бишкек шаарынын мэриясы,  «Тазалык» МИ, Билим берүү департаменти жана  «Бишкек санитардык полигону» МИ колдоосу менен уюштурган.

Жарым айдан ашуун убакыттын ичинде борбор калаанын жашоочулары, окуучулар, өнөктөш уюмдар жана кайдыгер карабаган шаардыктар эң кооптуу тиричилик калдыктарынын бири болгон колдонулган батарейкаларды жыйнашты. Жалпы аракеттердин натыйжасында 3142 килограмм батарейка чогултулуп, туура утилизацияга өткөрүлүп берилди.

Шаардагы мектептердин ичинен эң активдүү катышкан мектептер:
1-орун — №12 мектеп, 338 кг ;
2-орун — №66 мектеп — 273,5 кг;
3-орун — №21 мектеп — 174,7 кг батарейка жыйнаган.

Ушул үч мектептин аймагында жаңы оюн аянтчалары же воркаут-зоналар курулат. Бул ишти долбоордун расмий өнөктөштөрү болгон BRK GROUP, LEVEL CONSTRUCTION жана PARTNER Group курулуш компаниялары жүзөгө ашырат.

«Батарейкаларды жыйноо — жөн гана акция эмес. Бул жөнөкөй аракеттер аркылуу экологиялык жоопкерчилик маданиятын кантип кура аларыбыздын ачык мисалы. Ар бир катышуучуга таза келечек үчүн кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп баса белгиледи Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Рамиз Алиев.