Борбор калаадагы угуусу начар балдарга арналган атайын мектеп-интернатта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында стол үстүндөгү теннис боюнча чемпионат өттү.
Мелдешке Бишкек, Ош, Нарын, Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарынан келген 60тан ашуун спортчу катышты. Катышуучулардын арасында №25 угуусу начар балдарга арналган мектеп-интернат менен угуусу начар жана кеч укпай калган балдардын №21 мектеп- интернатынын тарбиялануучулары да болду.
Чемпионаттын максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында стол үстүндөгү теннисин өнүктүрүү, ошондой эле спорт аркылуу мындай балдардын өзүн-өзү көрсөтүшүнө шарт түзүү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Теннис жана параалимпиадалык жана спорттук күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ жана Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында стол тенниси федерациясы уюштурушту.
Мелдештин жыйынтыгы:
Сурдостол тенниси боюнча
Эркектер арасында:
1-орун — Аалиев Мирбек
2-орун — Турдуалы уулу Арстанбек
3-орун — Ниязов Мухриддин
Аялдар арасында:
1-орун — Токбаева Акжолтой
2-орун — Абдыраимова Чынара
3-орун — Исаева Гульфия
Жигиттер арасында:
1-орун — Осоев Эрлан
2-орун — Жаанбаев Арген
3-орун — Абдыкадыров Ариет
Кыздар арасында:
1-орун — Табылдиева Жанара
2-орун — Садыкова Аделя
3-орун — Ботобекова Зуура
Пара стол тенниси боюнча
Эркектер арасында:
1-орун — Ергешов Алибек
2-орун — Байботоев Абдикуттуз
3-орун — Тайлаков Ильяз
Жигиттер арасында:
1-орун — Сүйөрбеков Айбек
2-орун — Алексеев Сергей
3-орун — Кожомкулов Кудайберген
Аялдар арасында:
1-орун — Джумабаева Анара
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.