Арафа күнүндө жаш жубайлар Айдар менен Адилия үйлөнүү үлпөт тоюн өзгөчө - ашыкча ысырыпсыз жана ашыкча чыгымсыз, бирок чын дилден  жакшылык кылуу менен өткөрүштү. Алар Акниет»  балдар борборуна  өзгөчө көңүл бурууга жана жылуу мамилеге муктаж болгон балдар  менен кубанычын тең бөлүшүү үчүн келишти.

Расмий үйлөнүү үлпөтүнөн кийин жаңы үйлөнгөн жубайлар борборго барып, балдар чындап таасирдүү окуяга күбө болушту.

Майрамдын урматына балдарга майрамдык дасторкон жайылып, таттуулар, күлкү, жылуу каалоо-тилектер, жакшы маанай менен коштолду. Айдар менен Адилиянын балдар үчүн уюштурган майрамы, бакыт  шаан-шөкөт менен өлчөнбөй турганына айкын мисал боло алды. Мындай үйлөнүү үлпөт тоюу жеке эле окуя эмес, чын жүрөктөн боорукер болууга жана колдоо көрсөтсө болоорун айгинеледи.