Борбор калаада эркектер арасында Бишкек шаарынын регби боюнча чемпионаты болуп өттү. Мелдешке борбор калаанын төрт районунун командалары жана КМДТжСАнын курама командасы катышты. Жалпысынан 5 команда ат салышты.
Турнир Кыргыз Республикасынын Регби федерациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулду.
Мелдештин негизги максаты — Бишкек шаарынын курама командасын түзүү жана мыкты оюнчуларды тандап алып, аларды улуттук курама командага кошуу болду.
Оюндун жыйынтыгы боюнча:
1-орун — КМДТжСА командасы;
2-орун — Ленин району;
3-орун — Свердлов району.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, диплом жана кубок менен сыйланышты.