2025-жылдын 14-июнунда борбор калаада миңдеген активдүү спорт сүйүүчүлөрүн бириктирген салттуу “Night Run” түнкү марафону өтөт. Быйыл бул иш-чарага 25 өлкөдөн 3000ге жакын катышуучу келери күтүлүүдө.

Старт жана финиш  — «Газпром балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси

Аралыктар — 5 км жана 10 км;
Өтүү убактысы — саат 19:30дан 23:30га чейин.

Жүгүрүү маршруту Жайыл Баатыр көчөсүнүн бир тарабы боюнча (Түштүк Магистраль): Шералиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (чыгыш багытта) өтөт.

Иш-чарага байланыштуу саат 20:30дан 23:00гө чейин аталган бөлүктө автотранспорт үчүн жол убактылуу жабылат.

“Night Run” марафону калк арасында спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү, улуттун ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүү багыты катары массалык физикалык активдүүлүктү колдоо максатында өткөрүлөт.

Катышуу үчүн бардык каалоочулар алдын ала каттоодон өтүүсү керек, жаш курагы жана даярдык деңгээли каралбайт. Бул форматтагы марафон жеткиликтүү иш-чарага борбор калаадан гана эмес, өлкөнүн эң алыскы аймактарынан да катышуучуларды тартууга мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын уюштуруучулары — «Номад Спорт» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти — спортту сүйгөн шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун бул чоң иш-чаранын катышуучусу болууга чакырат.