Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар мэри Айбек Джунушалиев реконструкциялоону өз убагында бүтүрбөгөн аялдама комплекстеринин ижарачылары менен ижара келишимин бузууну тапшырды.

Иштин тез бүтүшү үчүн башка адамдарга белгиленген тартипте аялдама берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдети коюлду.

Ижарачылар коммерциялык бөлүккө гана кызыгып, Бишкектин, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун алдындагы милдеттерин унутуп коюшканына борбор калаанын башчысы нааразы экенин билдирди.

Маселен, Чүй проспектисинде жайгашкан аялдама комплексинин имараты азыркыга чейин пайдаланууга бериле элек, алдын ала маалыматтар боюнча, белгисиз адамдар анын айнегин талкалап кетишкен.

Ошондой эле аялдамага жакын жерге токтоп, коомдук транспортко тоскоолдук жараткан жеке унаалардын айдоочуларына жана ошол эле учурда аялдаманын башына токтогон автобустун айдоочуларына да бир катар сын-пикирлер айтылды.