Бишкек шаарында 2025-жылдын 10-июнунан 30-июнуна чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгү убактылуу унаа кыймылына жабылат.

Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу узундугу 60 метрди, диаметри 530 ммди түзгөн магистралдык жылуулук түтүгүн пландан тышкаркы алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Бул жылуулук тармагы 1985-жылдан бери пайдаланылып келет жана колдонуу мөөнөтү бүтүп калган.

Кыймылды чектөө оңдоо иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилет.

Урматтуу шаардыктар жана калаанын коноктору! Жол тыгындарын болтурбоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы маршрутуңуздарды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.