Бишкек шаарынын Ленин районунда жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери арасында жыл сайын өткөрүлүүчү «Ден соолук» спартакиадасынын райондук этабы болуп өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарнын мэриясынын Дене тарбия Жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду. Максаты – мугалимдер арасында дени сак жашоо образын жайылтуу жана ич ара достукту бекемдөө.
Мугалимдер волейбол, футбол, тогуз коргоол, ордо, шахмат, стол үстүндөгү теннис жана стритбол сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты. Командалар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, биримдигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.
Волейбол (аялдар)арасында:
1-орун — №42 мектеп;
2-орун — №96 мектеп;
3-орун — №118 мектеп;
Волейбол (эркектер) арасында:
1-орун — №84 мектеп;
2-орун — №96 мектеп;
3-орун — №7 мектеп;
Шахмат (эркектер)арасында:
1-орун — №118 мектеп;
2-орун — №119 мектеп;
3-орун — №77 мектеп;
Шахмат (аялдар)арасында:
1-орун — №119 мектеп;
2-орун — №95 мектеп;
3-орун — №79 мектеп;
Тогуз коргоол (эркектер)арасында:
1-орун — №119 мектеп;
2-орун — №79 мектеп;
3-орун — №95 мектеп;
Тогуз коргоол (аялдар) арасында:
1-орун — №59 мектеп;
2-орун — №93 мектеп;
3-орун — №119 мектеп;
Футбол боюнча:
1-орун — №68 мектеп;
2-орун — №93 мектеп;
3-орун — №77 мектеп;
Ордо боюнча:
1-орун — №68 мектеп;
2-орун — №96 мектеп;
3-орун — №93 мектеп;
Стол үстүндөгү тенниси (аялдар) арасында:
1-орун — №84 мектеп;
2-орун — №95 мектеп;
3-орун — №59 мектеп;
Стол үстүндөгү тенниси (эркектер) арасында:
1-орун — №40 мектеп;
2-орун — №80 мектеп;
3-орун — №68 мектеп;
Стритбол боюнча:
1-орун — №59 мектеп;
2-орун — №96 мектеп;
3-орун — №93 мектеп.
Мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарды ээлеген командаларга кубоктор, медалдар жана дипломдор тапшырылды.
Бул спартакиадада Ленин районунун мугалимдер жамааты активдүү, спортко жакын жана ынтымактуу экенин айгинелешти.