2025-жылдын 10-июнунда саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, медициналык мекемелерге жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилерине ичкилик суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турчу аймак:
* Байтик Баатыр – Л. Толстой – М. Горький – Ж. Пудовкин – Кулатов көчөлөрүнүн аралыгы.

Суу берүү шаардык суу түтүктөрүндөгү авариялык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдар менен тургундарды алдын ала ичүүчү сууну камдап  алууну өтүнөт.