Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) спорттук аянтчаларында Бишкек шаары боюнча пляж волейболу боюнча биринчи чемпионат өтүп жатат.
Мелдеш ОРАБӨСОМ жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулган.
Чемпионаттын башкы максаты — Бишкек шаарынын пляж волейболу боюнча курама командасын түзүү. Ошону менен катар бул мелдеш шаар тургундары арасында пляж волейболун жайылтууну жана жаштарды спортко тартууну көздөйт.
Жалпысынан 12 команда катышууда — алтоо эркектерден, алтоо аялдардан турат. Биринчи этап 31-майда жана 1-июнда өттү, финалдык оюндар 5–6-июлга пландалган. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылат, ал эми мыкты оюнчулар Бишкек шаарынын курама командасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бул биринчи чемпионат, бирок акыркысы эмес: мелдеш салка айланып жыл сайын өткөрүү пландалууда. Кум үстүндөгү волейбол калаанын спорттук жашоосундагы маанилуу бөлүккө айланып, өнүүгүүгө багыт алууда.