Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Ош базары» соода борборунун аймагын текшерди.
Борбор калаа башчысы көчөлөрдү башаламан соодадан тазалоо жана базардын аймагын көрктөндүрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык нормаларды камсыздоо боюнча жетишсиз иши белгиленди.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан базардын периметри боюнча мыйзамсыз соода кылуунун алдын алуу боюнча рейддер уланууда.
Базардын соодагерлери менен жолугушууда мэр өз ишин мыйзамдуу жана соода жүргүзүү үчүн бөлүнгөн жерлерде гана жүргүзө аларын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө өрткө каршы нормаларга жана талаптарга ылайык келтирүү, башаламан соодадан тазалоо жана көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын бардык базарларында жүргүзүлүүдө. Мыйзам жана белгиленген эрежелер бар, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн аларды так сактоо керек. Бишкек шаары-башаламан соода үчүн жер эмес", - деп белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.
Мындан тышкары, калаа башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгин текшерип, сейил багын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, эскиздик долбоорлорду даярдоону тапшырды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле базардын аймагынын санитардык абалын жана көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алуу тапшырылды.