Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы рейд учурунда атмосфералык абанын булганышын коргоо жаатындагы бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

2025-жылдын 31-майынан 2-июнуна чейин таштанды жана чөптөрдү  өрттөө фактылары катталып, бул боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүмү менен  5 жеке жакка протоколдор түзүлүп, жалпы 7 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле эки учур чөп өрттөө фактысы. Жаңы конуштун тургундары менен таштанды жана куураган чөптү өрттөбөө, ошондой эле мындай аракеттердин экологияга тийгизген таасири жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Келип түшкөн кайрылууларга ылайык, «Бахчай» кафеси текшерилип, тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы катталбагандыгы аныкталды. Текшерүү учурунда аталган жайда гидрофильтр иштеп жатканы, ошондой эле көмүр жана отун колдонулуп жаткандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле Ленин көчөсү, 58а дарегинде жайгашкан «Меади» заводу боюнча арыз келип түштү. Жерине барып текшерүүдө тыюу салынган буюмдарды өрттөө  фактылары аныкталган жок. Жеринде жолду булгануу фактысы катталды жана анын негизинде 23 000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер ушундай мыйзам бузууларга күбө болсоңуздар, сүрөт жана видеодалилди  муниципалдык инспекциянын WhatsApp номерине жөнөтүнү суранабыз  — 0996 75 73 71.