"Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Жаш Гвардия бульварында — Жибек-Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеде көчө жарыктандыруусун жаңылоону улантууда.
Долбоордун алкагында эски бетон тирөөчтөр алынды. Алардын ордуна 55 даана "питерский" деп аталган 8,5 м чоюн тирөөчтөр орнотулган. Алар функционалдык гана эмес, көчөгө эстетикалык көрүнүш берет. Бульвардын батыш тарабында иштер аяктады.
Тармактын ишенимдүү жана коопсуз иштеши үчүн 2000 метрден ашык жер астындагы кабель орнотулган. Бул аба чубалгыларынан баш тартууга жана системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Азыр адистер бульвардын чыгыш тарабында иштеп жатышат. Жакында бүт тилке жарыктандырылып, шаардын борборундагы көчө дагы ыңгайлуу жана коопсуз болот.