Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы саркынды сууларды суу агызуучу курулмаларга төгүү фактыларын аныктоону улантууда.

2025-жылдын май айында «Маевка» жана «Пригородное» муниципалдык аймактык башкармалыктары менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө 7 мыйзам бузуу  фактысы аныкталды.

Текшерүү маалында, Набережная, Полевая, Юбилейная, Гагарин, Логвиненко жана Кустанай көчөлөрүндө саркынды суулар төгүлгөнү аныкталды.

Мыйзам бузгандар – жеке жактар жана бир юридикалык жак болуп, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлдү. Жалпы суммасы 50 000 сом айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузууну жоюу боюнча жазма буйруктар берилди, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды орнотуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2025-жылдын башынан бери Муниципалдык инспекция тарабынан саркынды жана канализациялык сууларды суу агызуучу курулмаларга төгүү боюнча 93 факт аныкталып, аларга жалпы 826 500 сом айып пул салынды.