Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев пландык кеңешмеде шаардык кызматтардын көңүлүн унаа токтоочу жайлардагы орундардын негизсиз жабылышына бурду.

Борбор калаанын мэри буга чейин борбордук жана негизги көчөлөрдө колдонулуп келген «токтотуу орундарын» жабуу тажрыйбасын кошумча көчөлөрдө колдонуунун зарылдыгы жок экенин өзгөчө белгиледи.

«Биз унаа токтотуучу жайларды толук камсыздай элекпиз, жолдун жээгинде ыңгайлуу шарттар түзүлө элек», - деп кошумчалады мэр.

Буга мисал катары Жаш Гвардия бульвары келтирилип, жолдорду реабилитациялоо менен бир эле мезгилде токтотуу орундарын уюштурууну аяктоо максатында чарба жүргүзүүчү субъекттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

«Эгерде жол кыймылынын эрежелерин сактоо максатында унаа токтоочу "орундар" жабылса, башка альтернативалык аймактарды ачкыла (карагыла)», - деди А.Джунушалиев.

Ал социалдык тармактарда активдүү талкуулардан жана шаар тургундарынын арыздарынан кийин гана унаа токтоочу жайлардын орундары ачылып жатканына нааразы болду. Алдын ала иштеп чыгуу милдети коюлду.

Ошол эле учурда муниципалдык инспекцияга жана Бишкек шаардык өрткө каршы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына автоунааларды токтотууда жол эрежелеринин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.