«Наристе»  V Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын алкагында Ленин районунда «Тынчтык сабактары» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Түркия, Монголия, Татарстан делегациялары, ошондой эле Ысык-Көл жана Баткен облусунун өкүлдөрү катышты. Жалпысы болуп 89 бала катышып, өз өлкөсүнүн жана аймагынын уникалдуу маданий салттарын жана фольклорун тартуулашты.

Келген коноктор үчүн мазмундуу маданий программа уюштурулду. Балдарды салтанаттуу түрдө комузчулар ансамбли тосуп алды, ошондой эле кыргыз элинин тарыхы, үрп-адаттары жана салттары көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө фестивалга катышуучулар өз таланттарын көрсөтүп, улуттук бийлерди бийлеп, ыр ырдап, комузда жана гитарада ойноп чыгышты.

Катышуучулар үчүн көргөзмөлөр, улуттук кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар уюштурулуп, балдар өз колдору менен салттуу декор элементтерин жасашты. Ошондой эле фуршет да өткөрүлдү.

Фестиваль — бул салт менен заманбаптыктын, балдардын чын ыкластуулугу менен элдик искусствонун кылымдык акылмандыгынын, улуттук аң-сезим менен эл аралык түшүнүшүүнүн өзгөчө аянтчасы.