Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун мектептеринде маданият аралык диалогду чыңдоого жана дүйнө элдеринин каада-салттарын урматтоого, тарбиялоого багытталган “Тынчтык сабактары” тематикалык иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чараларга Казакстан Республикасынан, Санкт-Петербург шаарынан, Талас облусунан, Чүй облусунан жана Кытай Эл Республикасынан делегациялар катышты.
Келген меймандарды салтанаттуу вальс коштоп, бай концерттик программа тартууланды. Окуучулар менен келген конокторго «Муз чырак» жана «Кербезим» комузчулар ансамблдеринин аткаруулары, улуттук бийлер менен жаркын оюн-зооктор тартууланды.
Программанын олуттуу бөлүгүн тематикалык сабак түздү, анын жүрүшүндө катышуучуларга чет тилдерди – кытай жана корей тилдерин үйрөнүү боюнча мектептин жетишкендиктери тууралуу айтып беришти. Анда кыргыздардын каада-салты, үрп-адаттары тууралуу баяндар айтылып, №69 мектептин турмушу, жетишкендиктери тууралуу тасма көрсөтүлдү.
Иш-чара этно-фуршет, флешмоб жана ардактуу конокторго эстелик белектерди тапшыруу менен жыйынтыкталды.
Балдардын “Наристе” эл аралык фольклордук фестивалынын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өсүп келе жаткан муундарды башка өлкөлөрдүн фольклордук салттары менен тааныштыруу.