Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №38 Р. Шүкүрбеков атындагы орто мектепте “Наристе” V Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын алкагында “Тынчтык сабактары” өттү.
Фестивалга беш мамлекеттин өкүлдөрү катышты: Индия, Венгрия, Казакстан, Россия жана Кыргызстан.
Иш-чара биздин мектептин окуучуларынын концерттик программасы менен ачылып, улуттук ырлар, бийлер жана сахналык номерлерди көрсөтүлдү. Андан кийин чет өлкөлүк катышуучулар өз маданияттарын чагылдырган концерттик номерлерин тартуулашты.
Мектептин короосунда улуттук оюндар көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты. Фестивалдын соңунда кыргыз улуттук стилдеги фуршет уюштурулуп, анда салттуу кыргыз тамактары сунушталды.
Фестиваль достуктун жана өз ара сый-урматтын атмосферасында өтүп, бардык катышуучуларга эстелик белектер тапшырылды. Бул күн маданий баалуулуктарды даңазалаган майрам болуп, катышуучулардын жана коноктордун эсинде жаркын таасир калтырды.