2025-жылдын 4-июнунда, Бишкек шаарында жолдорду реабилитациялоо алкагында Жаш Гвардия бульварынын Токтогул жана Москва көчөлөрүнүн аралыгы (чыгыш тарабында) унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Эми унаалардын кыймылы Калик Акиев көчөсүнө жана Бейшеналиева көчөсүнө багытталат.
Оңдоп-түзөө иштери белгиленген графиктен алдыда жүрүп жатат. Ишке ашыруучу подрядчы уюм — «ДорСтрой Групп» ЖЧК.
Урматтуу шаар тургундары жана калаа коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын алдын алуу максатында жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонуу сунушталат. Ошондой эле маршрутуңузду алдын ала пландап алыңыз.