Бишкек шаарында, 2025-жылдын 2-июнунда, капиталдык оңдоо иштери графиктен үч жума эрте аяктап, Чүй проспектисинен Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки түндүк тарабындагы бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Белгилей кетсек, бардык калыбына келтирүү иштери белгиленген мөөнөттөрдөн мурда бүткөрүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана калаа конокторуна жол оңдоо иштерине байланыштуу мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Тыгынды азайтуу үчүн шаардыктарга алдын ала жүрүү маршруттарын пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспорт кызматын колдонуу сунушталат.