Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте V Эл аралык “Наристе” балдар фольклор фестивалынын алкагында майрамдык иш-чара өттү.

Борбор калаанын чыгармачыл топтору, жаш өнөрпоздор жана чет өлкөлөрдөн келген ардактуу коноктор катышкан фестивалдын жүрүшү Т.Усубалиев атындагы аянтынан Орозбеков көчөсү менен өлкөнүн башкы аянты – «Ала-Тоо» аянтына чейин жүрүш менен  өттү.

Жүрүштөгү музыкалык коштоону Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө оркестри камсыздап, майрамдык маанай тартуулады.

«Ала-Тоо» аянтында иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү саат 19:00дө башталды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, балдарга чың ден соолук, түгөнгүс эргүү жана өзүнө болгон ишеним каалады.

Майрамдык кече «Наристе» фестивалынын жаш таланттары жана шаардык топтордун катышуусунда чоң концерт менен уланды. Сахнада ар кайсы улуттардын маданий мурастарынын байлыгын жеткирген элдик ырлар, бийлер жана аспаптык номерлер аткарылды.

Ошондой эле «Ала-Тоо»  аянтында майрамдык дискотека жана достук кечеси башталды. Музыкалык маанайга ди-джей Сабина жана  «DJ» номинациясында Дельфи  оюндарынын жеңүүчүлөрү жооп беришти.