О. Медеров көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо иштери 2025-жылдын 11-апрелинде башталган.
Подрядчы уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, реабилитациялоо иштери 2025-жылдын 10-июлуна чейин бүткөрүлүүгө тийиш.
Бул маалымат келишимдин 2.6-пунктунда, №2 тиркемеге шилтеме менен көрсөтүлгөн.
Бүгүнкү күндө оңдоо иштери подрядчы менен макулдашылган жана бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Жол курулушу менен катар, бул көчөдө жылуулук тармактарынын куурлары, ошондой эле суу жана канализация түтүктөрү да алмаштырылып жатат.
Бул иштер муниципалдык тейлөөдөгү түтүктөрдү гана эмес, жеке менчик тармактарга тиешелүү түтүктөрдү да камтыйт.
Жол оңдоо иштери аяктаган соң жер алдындагы эски коммуникациялар авариялык абалга келип, жаңы төшөлгөн асфальтты кайрадан казууга туура келбеши үчүн, мындай алмаштырууну жол оңдоло электе жүргүзүү кыйла туура жана негиздүү чечим экени айдан ачык.
Ошондуктан, шаардыктарды адаштыра турган видеоматериалдарды жарыялоодон алыс болуп, анын ордуна борбор калаанын өнүгүшүнө муниципалдык кызматтар менен биргеликте салым кошууга чакырабыз.
Муниципалдык кызматтар ар дайым ачык жана маалымат берүүгө даяр. Суроолоруңуз болсо, кайрылсаңыз болот.