Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен каралбай калган лифттер муниципалдык менчикке кабыл алынат.

1991-жылдан 2003-жылга чейин Бишкек шаарынын лифт чарбасы мэриянын көзөмөлүндө болгон эмес. Бул 12 жыл аралыгында лифттер эскирип, техникалык регламентке ылайык оңдоо жана капиталдык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошол учурдагы тарифтер тейлөөгө, эмгек акыга жана салык төлөөгө гана жетиштүү болгон. Ал эми амортизациялык топтомдук эсептерди түзүү каралган эмес, бул эсептер пландык-профилактикалык оңдоо иштерине багытталууга тийиш.

2002-жылы айрым лифттер 25 жылдык кызмат мөөнөтүнө жетип, модернизация же капиталдык оңдоо иштерине жүргүзүү үчүн токтотулушу керек болду.

Ошол учурдагы тейлөөчү уюм –  «Кыргызлифт» ААК  техникалык регламенттин талаптарын аткарып лифттерди токтотуу иштерин баштаган. Бирок лифттердин менчигинин аныкталбагандыгына байланыштуу, аларды ким оңдой турганы белгисиз болуп, шаар тургундарынын терс реакциясын жараткан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарынын мэриясына ар бир көп батирлүү үйдөгү лифттик диспетчердик жабдууларды, лифттерди жана тышкы инженердик тармактарды инвентаризациялоону жана аларды муниципалдык менчикке өткөрүп алуу милдетин жүктөгөн. Натыйжада, Бишкек шаарынын мэриясы 735 лифтти муниципалдык менчикке кабыл алды. Бирок турак жай курулуш кооперативтерине таандык үйлөрдөгү, ошондой эле мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын балансындагы үйлөрдөгү лифттер өз ээлеринин менчигинде кала берген.

Бүгүнкү күндө айрым иштебей турган лифттер шаар боюнча бар жана толук алмаштырууга муктаж. Азыркы учурда «Бишкекшаарлифт» МИ башка каралбай калган лифттерди аныктоо жана аларды ишкананын балансына өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.