Бүгүн, 2025-жылдын 30-майында, «Акниет» турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунда майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чара борбордун кызматкерлери тарабынан уюштурулду.
Майрамга Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын жетекчилиги жана өкүлдөрү катышып, өз камкордугун жана колдоосун билдирүү катары борборго эки кондиционер, китептер, оюнчуктар белекке берип, тарбиялануучулар үчүн майрамдык дасторкон даярдашты.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү департаментинин кызматкерлери дагы иш-чарага катышып, балдарды таттуулар менен сыйлап, жылуу жана кубанычтуу маанай тартуулашты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти бардык конокторго жана өнөктөштөргө балдардын тагдырына кайдыгер карабай, көңүл буруп, жакшылык көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет. Мындай иш-чаралар майрамдык маанай тартуулоо менен гана чектелбестен, борбордун тарбиялануучуларында колдоо жана корголгондук сезимин бекемдөөгө өбөлгө болот.
Учурда «Акниет» борборунда 53 тарбиялануучу жашайт.