2025-жылдын 2-июнунда саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:
Жайыл Баатыр  -  Арча Бешик – Арашан - Санжыра - Муромский - Айни -  Көпүрө Базар  -  И. Ахунбаев – Репин көчөлөрү менен чектешет
Диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү оңдоо  иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.