"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы KIT FORUM - 2025 өлкөнүн эң ири IT –форумуна катышты.
Ишкананын директору Жумамүдүн Жумалиев "Жасалма интеллект менен акылдуу шаарлар: технологиялар биздин жашообузду кантип өзгөртөт" аттуу панелдик сессияда спикер болуп чыгып, жасалма интеллектти муниципалдык санариптик тейлөөгө киргизүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.
Артыкчылыктуу багыттардын катарында-шаардык инфратүзүмгө, турак жай-коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү, транспорт ж.б. бөлүктөрүндө тургундар менен өз ара аракеттенүүгө байланыштуу санариптик тейлөөгө жасалма интеллект элементтерин киргизүү. Бул шаардык чөйрөнүн ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишкана шаардык чөйрөгө алдыңкы технологияларды киргизүүнү улантууда.