Бишкек шаарында «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган төртүнчү «Жеткинчек» спорт фестивалы өтүп жатат.

Мелдештер 2025-жылдын 27-31-май күндөрү өтүп, анда спорттун 7 түрү боюнча таймаштар уюштурулган: грек-рим күрөшү, эркин күрөш, дзюдо, таэквондо, бокс, футбол жана шахмат.

Иш-чаранын максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбия жана спорт менен туруктуу түрдө алектенүүгө тартуу.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу» Жарлыгынын алкагында өткөрүлүүдө.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурууда.