«Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеси АКШнын LDS Charities уюмунун долбоору боюнча өнөктөштөрдөн жаңы жабдууларды алды.
Буга чейин долбоордун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө мекеме тургундары жана кызматкерлери үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган.
Жабдуулар тараптардын тыгыз кызматташуусунун жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында алынды. Алынган жабдуулардын тизмеси төмөнкүдөй: 6 конфоркалы өнөр жайлык электр плитасы, өнөр жайлык электр табаасы, үтүктөөчү вал (өнөр жай үтүгү), спиралдуу камыр жууруучу машина, эт кесүүчү электр араа, идиш жуугуч машина, картошка тазалоочу электр машинасы.
«Үмүт үйү» социалдык мекемеси мекеме тургундары жана кызматкерлери үчүн жашоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу максатында эл аралык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрөт.
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү департаменти LDS Charities долбоорунун өнөктөштөрүнө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.
Бүгүнкү күндө «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесинде 210 адам жашайт. Бардык тургундарга акысыз социалдык, медициналык жана күнүмдүк турмуш кызматтары көрсөтүлөт. Мекеме өз тургундарын толугу менен кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектөөдөгү буюмдар менен камсыз кылат.